Заявки за превод на „Селкиге (Selkige)“

Споделяне
Размер на шрифта
Оригинален текст

Селкиге

Кокустан көрүп, көңүлүм түштү,
Көргөнүм чынбы, же калпыс түшпү.
Көзүңдүн оту, жүрөктү өрттөп,
Кыйноого салды, ий кетирди үштү.
 
Тилине тили, окшогон селки,
Дилиме дили, ий окшогон селки.
Дардисар ойго, кабылып калдым,
Датымды угуп, ий телмиртпей келчи (х2)
 
Жүрөккө жүрөк, табылсын селки,
Жүрөккө жүрөк, ий жалынсын селки.
Жанашкан бойлор, ширешкен ойлор,
Жылдыздан мончок, ий тагылсын селки.
 
Махабат багын, кошолу бирге,
Махабат таңын, ий тосолу бирге.
Сүйүүнүн сырын, ашыктык ырын,
Сайрасын булбул, ий ачылган гүлгө.
 
Кокустан көрүп, көңүлүм түштү,
Көргөнүм чынбы, же калпыс түшпү.
Көзүңдүн оту, жүрөктү өрттөп,
Кыйноого салды, ий кетирди үштү. (х2)
 
Жүрөккө жүрөк, табылсын селки,
Жүрөккө жүрөк, ий жалынсын селки.
Жанашкан бойлор, ширешкен ойлор,
Жылдыздан мончок, ий тагылсын селки.
 
Ырыма ыры, окшогон селки,
Нурума нуру, окшогон селки.
Экөөбүз бирге, чечели сырды,
Эгинди бойлоп, эртелеп келчи.
 
Жүрөккө жүрөк, табылсын селки,
Жүрөккө жүрөк, ий жалынсын селки.
Жанашкан бойлор, ширешкен ойлор,
Жылдыздан мончок, ий тагылсын селки.
 
Translation
 
За да публикувате превод, влезте или се регистрирайте.
Преводи на „Селкиге“
Коментари