Please help to translate "Рапсодия (Rapsodia)"

Share
Font size
Original lyrics

Рапсодия

Сурабайм отту Прометейден,
Алоолонуп жандым сенден.
Олимпке баргым келген
От болуп.
Жүзүмдөй жүрөктү эзем, канымда шарап кайнап,
Күткөнүм канча күн күкүктөр калат сайрап.
Ошо жалыныма өрттөнөм деп чочубай,
Учуп кел Икар болуп сүйүүдөн канат байлап!
 
Агарып атты таң...
 
Башкага мени кыйба, жаным.
Кайгы салып кыйнабагын.
Капыстан кыйрабайын
Троядай.
Мас болдум махабаттан, канымда шарап кайнап,
Күткөнүм канча күн күкүктөр калат сайрап.
Көргүм келип өзүңдү, көздөрүм барат жайнап,
Икар болуп учуп кел сүйүүдөн канат байлап!
 
Бакыт күндү мен тилеп,
Сага кабар жиберем Герместен:
“Келчи, жаным, келчи...” деп.
 
Жүзүмдөй жүрөктү эзем, канымда шарап кайнап,
Күткөнүм канча күн күкүктөр калат сайрап.
Көргүм келип өзүңдү, көздөрүм барат жайнап,
Учуп кел Икар болуп сүйүүдөн канат байлап!
 
Кызарып батты Күн...
 
Translation
 
Login or register to post translation
Translations of "Рапсодия"
Comments