Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Stand With Ukraine!
Share
Font size
Translation
Swap languages

Сапарга жалгыз чыгып атам

Сапарга жалгыз чыгып атам;
Туманда таштак жол жылтылдайт;
Түн жымжырт. Чөл Кудайга кулак салат.
Жылдыздар өз ара сүйлөшүшөт.
Асманда салтанат менен керемет!
Көк шоолада жер уктап жатат…
Эмнеге анда жаным мынчалык ооруйт да кыйналат?
Бирдеме күтөмбү? Өкүнөмбү?
Жашоодон эч нерсе күтпөй калгам,
Өткөндө эч бир арманым жок.
Эркиндик менен тынчтык издейм!
Эс-учсуз уйкуга баткым келет!
Бирок бейиттин суук уйкусуна эмес…
Мындайча түбөлүк уктагым келет:
Көөдөнүмдө жашоо күчү куш уйкуда жүрө берсин,
Көкүрөгүм акырын дем алып көтөрүлө берсин;
Күн-түн бою кулагымды сүйүнтүп
Сүйүү жөнүндө таттуу үн ырдай берсин,
Үстүмдө түбөлүк көгөрүп
Каралжын эмен жыгач ийилип шуудурай берсин.
 
Original lyrics

Выхожу один я на дорогу

Click to see the original lyrics (Russian)

Comments