Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Ukrayna'nın Yanında Olun!
Paylaşmak
Yazı tipi boyutu
Çeviri
Swap languages

Сени Сүйөм

Сен билбейсың эмнелер кылып жатканын,
Жоктугуң мага сүйгөнүм.
Бүтпөс суроолор, узун кечелер,
Ал ойлор, кайгыруулар.
 
Сен жаштыгымдын бир чоң бөлүгү,
Сен жаштыгымдын мааниси.
Биз эмнелерди гана чогуу баштан өткөрбөдүк,
Калың бир роман китеп сыңары.
 
Сен кеткен учур, чаарасыз кылып,
Акылым карышып, ырахаттана албайм.
Маанайым бузулуп, жан дүйнөм сыгылат,
Сен билбейсиң дагы эмнелер.
 
Кайырма:
Ук эмне дээрим, жашырбай айтам,
Сенсиз жашоо оор келүүдө мага.
Ар көз ирмем жан дүйнөмдөсүң, ар секунд жүрөгүмдөсүң.
Сени сүйөм, сүйөм.
Сенсиз жашай албайм, сенсиз эч окшошпойт.
Сенсиз жашоо мага оор келүүдө,
Ар көз ирмем жан дүйнөмдөсүң, ар секунд жүрөгүмдөсүң,
Сени сүйөм, сүйөм.
 
Ал учур да келээр,
Бирок мен ал учурду жашай албайм...
 
Мен сени кандай учурда өтө сүйөрүмдү Билесиңби сүйүктүүм?
Бираз мас болуп, башың айланып,
Мага ал жагдайыңды түшүндүргөнүңдө.
Андан соң токтоп калып, көзүмө тик карап,
А көздөрүңдө болсо ал кубануу.
Мени кучактап, анан сурайсың,
Канчалык сени катуу сүйөрүмдү.
 
Сен кетчүү учур, батымым түгөнүп,
Узайт максаттарым, кыялдарым.
Бүтпөс суроолор, түгөнгүс кайгылар,
Эх..ал ойлор, кайгыруулар...
 
Кайырма...
 
Orijinal şarkı sözleri

Seni Seviyorum

şarkı sözleri (Türkçe)

Rafet El Roman: En İyi 3
Yorumlar