Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Stand With Ukraine!
Share
Font size
Translation
Swap languages

Махабаттын аягына чейин бийлет мени.

Өз көркөмүңө бийлет мени, жалындаган кыяк1 менен.
Дүрбөлөңдүн ичинде бий менен мени сактап кал.
Колго үйрөткөн көгүчкөнүм болуп бер, мени зайтун бутагындай көтөргөн.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
 
Оо, күбөлөр кеткенде сулуулугуңду көрөйүнчү,
Кыймылыңды сезейин бабилончулардай2 .
Жай көрсөтчү мурда мен чектеп билгенимди.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
 
Азыр үйлөнүүгө чейин бийлет мени, бийлете бер.
Өтө назик бийлет мени жана өтө узакка бийлет.
Экөөбүз махабатыбыздын астында да үстүндөбүз.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
 
Бийлет мени балдарыбызга туулуга суранган,
Бийлет мени пардаларды жиреп өбүшүбүздөн жыртылган.
Алачыгыбызды ач, жиптеринин баары үзүлсө дагы
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
 
Өз көркөмүңө бийлет мени, жалындаган кыяк менен.
Кымгууттун ичинде бий менен мени сактап кал.
Колкабың барбы, жокпу тийгизчи колуңду
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
Махабаттын аягына чейин бийлет мени.
 
  • 1. Коэн ырды Освенцим концлагеринде бир окуяны уккандан кийин жазган. Ал окуяда фашисттер еврейлерди крематорийлерге жагып атканда бир нече музыканттарга скрипкада ойнотуп коюшкан. Эн аягында ошолор скрипкалары менен кошо жагылган
  • 2. Байыркы заманда Бабилон уятсыз шаар деп эсептелген
Original lyrics

Dance Me to the End of Love

Click to see the original lyrics (English)

Comments