La Russie a lancé une guerre honteuse contre l’Ukraine.     Soutenez l’Ukraine !
Partager
Taille de la police
Traduction
Permuter les langues

Нью-Орлеанда бир үй бар

Нью-Орлеанда бир үй бар,
Аны Чыккан Күн дешет.
Ал көп байкуш балдардын убалына калган,
О кудай, алардын ичинде мен да бар.
 
Апам бир тигүүчү болчу
Мага көк жинси тигип берген
Атам оюнга кумар киши эле
Нью-Орлеандын түбүндө.
 
Оюнга кумарга мобу эле керек –
Чамадан менен өз бою.
Бир учурда гана анын жаны жай алат –
Утушта эле болгондо.
 
Оо, апалар, айткыла балдарыңарга
Менин кылганымды кылышпасын
Күнөө менен азапка өмүрүн коротпой
Күн Чыккан үйдүн ичинде.
 
Болуптур, бир бутум платформада,
Экинчи бутум поюзда.
Нью-Орлеанга кайтып атамын
Кишенимди тагынганга.
 
Нью-Орлеанда бир үй бар,
Аны Чыккан Күн дешет.
Ал көп байкуш балдардын убалына калган,
О кудай, алардын ичинде мен да бар.
 
Paroles originales

The House of the Rising Sun

Cliquez pour voir les paroles originales (anglais)

Commentaires