Дадага (Dadaga)

Partager
Taille de la police
Paroles originales

Дадага

Караңгы түндө калганыңда,
Караңгылап адашканыңда.
Кара короз кыйкырганга чейин,
Караан болуп турсам сонун да.
 
Кый-короз а кыйкырганга чейин,
Кый-короз а кыйкырганга чейин.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Дадагаң болуп эле кетейин.
Мен сүйөмүн.
Деле сен сүйбөйсүң,
Да, да, о дадагаң болуп эле кетейин.
 
Дүмүрлөргө чалынарың да,
Мүдүрүлүп жыгыларың да.
Жүгүрүп барып жаныңа да,
Сүйөп бир турсам, сонун да.
 
Мүдүрүлүп, жүгүрүп жетейин,
Мүдүрүлүп, жүгүрүп жетейин.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Дадагаң болуп эле кетейин.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Да, да, о дадагаң болуп эле кетейин.
 
Суу көтөрүп чакаларыңа,
Бейкапар келатканыңда.
Ала дөбөт "ав" деп чочутканда,
"Ап-аптап" турсам эле сонун да.
Ап-ап-ап-ап-ап-ап-ап-апаккайым,
Ап-ап-ап-ап-ап-ап-ап-апаккайым
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Аппак таңың болуп эле атайын.
Мен сүйөмүн,
Деле сен сүйбөйсүң,
Да, да, о дадагаң болуп кетейин.
 
Translation
 
Identifiez-vous ou inscrivez-vous pour publier des traductions
Traductions de « Дадага »
translittération #1, #2
Commentaires