Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Stai con l'Ucraina!
  • Chubak Sataev

    Ак бата

Condividere
Dimensione del font
Testi originali

Testo della canzone: Ак бата

Кыргызымда бата бар,
Бата берген аталар.
Бата алган эр жигит,
Элин коргоп жоо сайса,
Шер жигит деп даңк алар.
 
Элин коргоп жоо сайган,
Манас алган ак бата.
Кыргызымдан бата алган,
Чыңгыз чыкты даңктана.
 
Наристе үнү жаңырып,
Адам келсе арыгып,
Жакшы тилек, жакшы үмүт,
Ага арнайбыз ак бата,
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата.
 
Жамгырдан жер көгөргөн,
Батадан эл көгөрдү.
Бата алган кыз келин,
Көшөгөсү көгөрүп,
Эр азамат төрөлдү.
 
Элим-журтум, уккула,
Кыргызымда той мына.
Улак тартмай, ат чапмай,
Эр жигиттер чыккыла.
 
Манас атам кел мага,
Небереге той бердик,
Ак батаңды бер мага.
Элге карап кол жаят,
Той өткөргөн чоң ата.
 
Милдет кылсаң элиме,
Мээнет кылып жериме.
Элим берсе ак бата,
Эмгектенген эр жигит, шер жигит,
Дем кошулар демиңе.
 
Эл-жер үчүн жан берген,
Чолпонбайга ак бата.
Кыргызымдан бата алган,
Чыңгыз чыкты даңктана.
 
Манас атам, кел мага,
Күч-кубатты бер мага.
Бакай атам, кел мага,
Ак сакалың жайкалтып,
Ак батаңды бер мага,
 
Бата, бата, ак бата,
Элим берер ак бата.
Ак бата!
 

 

Traduzioni di “Ак бата (Ak bata)”
Chubak Sataev: 3 più popolari
Commenti