Proszę pomóż przetłumaczyć

kirgiski/Transliteracja/Transliteracja 2
A A

Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт (Bürküttör kış çildede jumurtkalayt)

Кыш түшүп, экинчи айы башталарда,
Бүркүттөр уя салат аскаларга.
Чилдеде, чыкыроондо жумурткалайт,
Карабай көпкөк музга, аппак карга.
 
Аяздын ызгаарына сыналышып,
Жатат дейт жумурткалар кыналышып.
Жолотпой жолбундарды уясына
Бүркүттөр көктө айланат үн алышып.
 
Койсо да уясына чырпык төшөп,
/Чынында жылуу болбойт мындай төшөк/.
Табынан жумуртканын кар, муз эрип,
Аларды тегерете көк чөп өсөт.
 
Komentarz wysyłającego:

Сөзү: Т. Байзаковдуку
Обону: Э. Талиповдуку

Ырдын сөзү Түмөнбай Байзаковдун "Ыр башат. Тандалган ырлар жана дастандар". (Ф., "Кыргызстан", 1977) китебинен алынды.

uzbecki

Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт (Bürküttör kış çildede jumurtkalayt)

Więcej tłumaczeń piosenki „Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт (Bürküttör kış çildede jumurtkalayt)”
Moje komentarze