Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Станите уз Украјину!
Објави
Величина фонта
Превод
Swap languages

«Калифорния» отели

Караңгы чөлдөгү шоссе, чачым салкын шамалда.
Нашаанын жылуу жыты абада учат.
Алыс алды жакта үлбүрөгөн жарык көрдүм.
Башым оорлоп, көзүм бүдөмүктөй баштады,
Түнгө токтошум керек.
 
Ал босогодо турду,
Коңгуроонун үнүн уктум
Да өзүмчө ойлодум:
«Бу жер же Бейиштин, же Тозоктун өзү болуш керек» - деп.
Ал шам жагып мага жол көрсөттү.
Коридор бою үндөр угулду.
Алардын минтип айтканын уккандай болдум:
 
«Калифорния» отелине кош келиң.
Жайы кандай гана сүйкүмдүү,
Өңү кандай гана сүйкүмдүү,
Калифорния отелинде бөлмө толтура,
Жылдын ар убагында табылат.
 
Анын мээсин Тиффани айланткан, Мерседеске жетүүгө жиндүү,
Анын толгон токой жигиттери бар досторум деген.
Короодо кандай бийлешет, жайдын жагымдуу тери.
Кээ бир бийлер эсте калат, кээ бирлери унутулат.
 
Ошондуктан Капитанды чакырдым:
«Шарабымды апкелиңизчи!» деп. Ал айтты:
«Мындай көңүлдү 1969-жылдан бери көрө элекбиз».
Жанагы үндөр алыстан чакыра беришти,
Түн ортосунда ойгон
Аларды угуш үчүн эле эмне дегенин…
 
Кош келиңиздер Калифорния отелине,
Жайы эле кандай сонун,
Өңү эле кандай сонун.
Аларга Калифорния отелинде туруш жарашат.
Кандай укмуш сюрприз, алибиңерди ала келгиле,
 
Төбөсүндө күзгүлөр,
Музда кызгылт шампан.
Дагы айтат:
«Биерде биз баарыбыз камактабыз өзүбүздүн тартибибиздин».
Анан Төбөлдөрлүн Жайына
Майрамга чогулушуп
Болот бычактарын ага малышты да
Бирок бокочону өлтүрө алышпады.
 
Эсимде калганын акыркысы –
Эшикке карай чуркадым,
Мурдакы жериме
Өтмөк табууга.
«Эс ал» - деди кароолчу, -
«Биз кабыл алууга (гана) программаланганбыз.
Сен каалаган учурда отелде калууну токтото аласың
Бирок эч качан чыга албайсың!»
 
Оригинални текстови

Hotel California

Кликните да видите оригиналне текстове (енглески)

Коментари