Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Станите уз Украјину!
Објави
Величина фонта
Превод
Swap languages

Апага кусалык (Apaga kusalyk)

Мен сиздин унутулган уулуңузмун го,
Жыйырма биримде сандалып кеткен.
Үйгө келишим аянычтуу учур экен.
 
Оо, апакебай.
 
Колуңузду өз колума алалсам кана,
Кечириңиз, бул менмин дей алсам кана.
Ишенем, сиз сөзсүз түшүнмөксүз.
Оо,
Апаке,
Каердесиз азыр.
 
Оо,
Апакем!
Оо,
Апаке, апакебай, саргарам.
Оо
Апакем, сагынам…
 
Дөбөдөгү бирге турган үйүбүз
Дале турса дагы жансыз сезилет.
Балалык күндөгү элестер
Ашып-ташыйт оюмда.
Оо, апаке,
Апакем,
Апакебайым.
 
Ар кандай жерлерди көп көрдүм,
Оор күндөрдү жана жалгыздык түндөрдү көрдүм.
Эми мени колдогон сизсиз
Жоголдум.
Кантип мен тирүү калам эми.
 
Оо,
Апакем…
 
Эч ким жок мени асыраган,
Мени сүйгөн,
Мен үчүн убакыт тапкан.
Бетимдеги дубалдар үнсүз.
Оо
Апааа,
Биздин журтубуз ушунчалык өлүк.
 
Асман караңгы,
Шамал катуу –
Эми билдим эмнени жоготконумду:
Тамыбыз эми үй эмес такыр бойдон.
Мен кетип атам,
Келечегим ушунчалык тар көрүнөт.
 
Оо апа, апаке, оо апаке
Оо апа, апаке, оо апаке
Оо апа, апаке, оо апаке
Оо апа, апаке, оо апаке
Мен зармын сага, апа!
Оо апа, апаке, оо апаке.
Кудук соолумайынча сууну эстебейсиң да
Оо апа, апаке
Мен дайыма сен үчүн өспүрүммүн го.
Оо апа, апаке
Ыйлагым келген сенин койнуңа зармын.
Оо апа, апаке
Сенин жылуу кучагың, жыргалың жана жылмаюуңа зармын.
Оо апа, апаке
Менин ачуу үнүмдү көрсөң же уксаң гана.
Оо апа, апаке
Оо апа, апаке., оо апаке!
 
Оригинални текстови

Mamy Blue

Кликните да видите оригиналне текстове (енглески)

Идиоми из "Mamy Blue"
Коментари