Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Stå med Ukraina!
Dela med sig
Textstorlek
Översättning
Swap languages

Мени катуу сүй

Бул не деген ийкемсиз урушуу,
Күрөшүү, бөлүү менен чоңойтту жашоо.
Мен сенсиз жап жалгыз элем,
Суум, тамагым болду бирок сүйүүсүз.
 
Мен басып өткөн татаал болду жолдор,
Кулап кайра бутка турганды үйрөттү жылдар.
Мен көп нерсени ичте сактадым сенсиз,
Чоң дүйнө күн кечирип жатты бирок менсиз.
 
Сүйүү табуу көп жылга турду,
Кош келдиң жан дүйнөмө, тагдырым күлдү.
Колумдан карма, мени катуу сүй, эч кимге бербе,
Сүйчүү болсоң, өмүрлүк сүй, бир күндүк сүйбө.
 
Кайырма:
Жакшы күндө, жаман күндө,
Сакта көкүрөгүңдө.
Сен бул жүрөккө жакшы эле келдиң,
Менден эч кетпе...
 
Колумдан карма, мени катуу сүй, эч кимге бербе,
Сүйчүү болсоң, өмүрлүк сүй, бир күндүк сүйбө.
 
Жакшы күндө, жаман күндө,
Сакта көкүрөгүңдө.
Сен бул жүрөккө жакшы эле келдиң,
Менден эч кетпе...
 
Менин жан дүйнөм таңсыз кече эле,
Сенин көздөрүңдөн жарык күн нурун таптым.
Бир дарттуу шамал элем,
Үмүтүм сен, тынчтыгым сен, жаңыдан жаралдым.
 
Сүйүү табуу көп жылга турду,
Кош келдиң жан дүйнөмө, тагдырым күлдү.
Колумдан карма, мени катуу, сүй эч кимге бербе,
Сүйчүү болсоң, өмүрлүк сүй, бир күндүк сүйбө.
 
Жакшы күндө, жаман күндө,
Сакта көкүрөгүңдө.
Сен бул жүрөккө жакшы эле келдиң,
Менден эч кетпе...
 
Originaltexter

Beni Çok Sev

Låttexter ( turkiska)

Vänligen hjälp till att översätta "Beni Çok Sev"
Collections with "Beni Çok Sev"
Kommentarer