Russia is waging a disgraceful war on Ukraine.     Stå med Ukraina!
  • Gulzada Ryskulova

    Мен кыргыздын кызымын

Dela med sig
Textstorlek
Originaltexter

Мен кыргыздын кызымын

Мен кыргыздын кызымын,
Жашоонун билген жомогун.
Жылдыз кыргыз киндиктеш,
Эгиз деп теңир ат койгон.
 
Эне сүтүнөн кошо аккан,
Балага өткөн мээримиң.
Ата сөөгүнөн жаралган,
Туяк улаган батамын.
 
Мен кыргыздын кызымын,
Манастан тегим бүткөн.
Мен Курманжан, Каныкей,
Мурастап элим күткөн.
 
Кайып дүйнө жашоодон,
Кабылан жөлөмөн бүткөн.
Айын менен күнүңдүн,
Дал өзүнөн түшкөм.
 
Мен кыргыздын кызымын,
Канатым жайылган асман.
Мээ сергитип эс алдырган,
Керемет күүлөр жараткан.
 
Суу, от, ташка кубула,
Касиет сырым ушунда.
Шамал болуп кулпура,
Бешигин термейм жердин да.
 

 

Översättningar av "Мен кыргыздын ..."
Gulzada Ryskulova: Topp 3
Vänligen hjälp till att översätta "Мен кыргыздын ..."
Kommentarer