• Mirbek Atabekov

    Барам сага

Paylaş
Font Size
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде
Асманга ак шумкаарлар учкан кезде
Саамайларын сеңселткен аккайыңдар
Самашып сагчымды уккан кезде барам сага
 
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз
көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага
 
Ширесин карагатар чачкан кезде
Ажарын жоогазындар ачкан кезде
Кучактап бийик учуруп түн куйунун
Күн нуру уясына баткан кезде барам сага
 
Гүлдөргө аарылары конгон кезде
Бал чөбү ой арманын соргон кезде
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей
Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага
 

 

Yorumlar